Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:35

Басма сөз: Жеңилгенди жер көтөрөт


Бүгүн жарык көргөн гезиттер бийлик түзүмү мындан ары кандай болоруна божомол кылган макалаларды, ой-пикирлерди жарыялады.

“Жеңилгенди жер көтөрөт. Ташиев менен Мадумаровду ким көтөрөт?” деген баштеманын алдында жарык көргөн “Де-факто” гезити бул экөө кайсы кызматка татыктуу?” деген суроо менен айрым жарандарга кайрылды.

Журналист Кабай Карабеков:- Ташиевге кызмат берүүнүн кажети жок, ал ансыз деле кызматта - Жогорку Кеңештин депутаты. Мадумаровго келсек ал өкмөттүн курамына кире албайт. Анткени мыйзам боюнча өкмөт коалициядагы фракциялар аркылуу гана куралат. Ага губернаторлук кызмат сунушталып атат. Макул болуусу мүмкүн. Бирок анда ал саясаттын курмандыгына айланып, саясый ордун биротоло жоготот,- деп,

Депутат Исках Масалиев:- Ташиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигин тартып кете алат, Адаханга кайсы облустун губернаторлугун берсе да татыктуу. Экөө тең мекенчил, патриот адамдар,-деп,

Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев:- Атамбаев Мадумаров менен Ташиевди душманына айландырбай өз деңгээлдерине жараша кызмат сунуштап иштешкени оң. Облусттук деңгээлдеги кызматтар табылат,-деп,

Генерал Мирослав Ниязов:- Мен андай-мындай дей албайм,-деп,

Финансист Юруслан Тойчубеков:- Камчыбек Өзгөчө кырдаал министрлигине ылайыктуу деп ойлойм. Адахан болсо илгертен бери маданиятты жакшы билет. Ошондуктан ушул тармактагы вице-ппремьер-министр же өкмөттүн маданият тармагында иштесе болот,-деп,

Профессор Кулубек Бөкөнбаев:- Кыргызда “жоо кеткенден кийин кылычыңды ташка чап” деген сөз бар. Утулгандан кийин татыктуу утулуш керек. Жеңилиштиби, элди көчөгө чыгарып чуу салбай эле өз оокаттарын кылып, иштей берсе болот да,-деп,

Мамлекеттик кызмат боюнча агенттиктин деректири Чолпонкул Арабаев:- Экөөнө тең облустук, министрлик деңгээлдеги кызматтарды сунуштаса болот. Премьерликке азырынча эрте. Буга даярдык керек. Алардын кайсы кызматка коюлушун Жогорку Кеңеш конституциялык тартипте чечет,- деп жооп берди.

“Атамбаевдин Тылы-Рая Атамбаева” деген макала жарыялаган журналист Айгүл Бакеева, Атамбаевдин алты баласы бар экенин, буга чейин президенттердин үй-бүлөсү менен балдарынан, жакын туугандарынан Кыргызстандын элинин көңүлү үч көчкөн журттай калганын, эми Атамбаевдин бала-чакасына кудай ыйман берип, окуп аткан окууларын окуп, атасынын ишине кийлигишпесе деген үмүт чоң экенин, кудай аларды Айдар менен Максимдин ордун баскандан сактап, саясаттан алыс болушса эле атасына чоң жардам кылган болорун жазды.

“Де-факто” гезитине Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков маек куруп Текебаевдин шайлоого катышпаганы эле Атамбаев үчүн аябай колдоо болгонун, анын оюнча Атамбаев алган азыркы добуштун 10 пайызы кошоматчылардыкы болсо, 20 пайызы Текебаевдин добушу экендигин, бирок “Ата Мекен” партиясынын жер-жердеги айрым бөлүмдөрүнөн Ташиев менен Мадумаровго да иштегендери болгонун, жакынкы 3-4 жуманын ичинде келечектеги коалиция кандай болуп түзүлөрү ачыкка чыгарын, анын оюнча Жогорку Кеңештин төрагасы Текебаев болуп калса прогресс үчүн, мамлекет жана демократия үчүн чоң утуш болорун кеп кылды.

“Фабула” гезитине кесиптештерин кечээ күнкү кесиптик майрамы менен куттуктаган журналист Баратбай Аракеев кыргыз жазмачылары менен журналистикасы тууралуу макаласын жарыялады.

Гезит ошону менен бирге эле күз айынын башында Улуттук онкология борборунун башчысы Накен Касиевди Саламаттык сактоо министри Сабыр Жумабеков кызматтан негизсиз алып ыргытканын, ошого улай эле Кыргызстандын Турдакун Усубалиев баш болгон кадырлуу акскалдары Накен Касиевдин кызматтан туура эмес алынганына нааразы болгон билдирүү менен чыгышканын, эми өткөн жумада Накен Касиев өз чындыгын сот аркылуу далилдеп чыккан соң, Бишкектин 1-Май райондук соту Накен Касиевди кызматтан мыйзамсыз алынгандыгын туура деп таап, кайра ордуна коюш үчүн министр мырзаны милдеттендирген чечимин чыгарганын маалымдады.

Ушул эле гезит кадр маселесине байкоо салып, “Президент аныкталды, эми коалициянын тагдыры кандай болот?” деген суроого журналист Темирбек Алмаз уулу аркылуу жооп издеди. Кимдер кайсы орунга барарына божомол салды. Эмил Каптагаевдин ордуна Ош облусунун мурдагы губернаторлорунун бири Аалы Карашев барары айтыла баштаганын белгиледи.

Учурда элдин көңүлү коалициянын мындан аркы түзүмү кандай болоруна бурулуп турганын, буга байланыштуу эксперттер арасында ар кандай варинаттар айтылып жатканын, биринчиси учурдагы коалиция кандай болсо так ошондой калуу менен Келдибеков ордун сактап каларын, Бабанов өкмөт башчылыгына келип, министрлер өзгөрөрүн,

Экинчи вариант боюнча коалиция кеңейип, “Ата Мекен” фракциясы оппозицияда каларын. Мындай болгондо деле спикер Келдибеков ордунда калып, Бабанов премьер-министр, Темир Сариев 1-вице-премьер-министрликке барышы ыктымалдыгын,

Үчүнчү вариант боюнча алганда “Ата Журт” фракциясы оппзицияда калып, калган фракциялар биригип, Өмүрбек Текебаев спикерликке барары болжолдонуп жатканын кеп кылды.

Төтүнчү вариант боюнча КСДП, “Республика”, “Ар-Намыс”, “Ата Мекен” фракцияларынан жаңы коалиция, жаңы өкмөт түзүлүп, спикерликке дагы, өкмөт башчылыгына дагы таптакыр башка адамдар келиши мүмкүндүгүн белгиледи.

Журналист андан ары баары бир эң чоң күрөш премьер-минстрдин кызматы үчүн жүрөрүн, бүгүн өкмөт башчылыгына көз артып жаткандардын катарында Феликс Кулов, Марат Султанов, Камчыбек Ташиев, Чыныбай Турсунбеков турарын, ошондой эле Тышкы иштер министрлигине Аликбек Жекшенкулов, Улуттук Коопсуздук Комитетинин жетекчилигине Руслан Казакбаев, Транспорт министрлигине Иса Өмүркулов, Бишкек мэрлигине Нариман Түлеев, финансы министрлигине Акылбек Жапаров барары тууралуу көшөгөнүн артында сөз болуп жатканын жазды.


Аталган гезит эки ай бою жайлы жайлай эс алып келген парламент дагы эс алууну көздөп, кыска мөөнөттүү каникулга тараганын, эми ишин ноябрдын 17синде баштарын кабарлады.

Бүгүн саясый репрессиянын курмандыктарынын күнү экендигин эске салган “Фабула” гезити Тиленбек Азыктын “Кыргыз интеллигенциясы кыйраган күн!” деген макаласын окурмандарга тартуулады. Анда 38-жылдагы кандуу каргаша тууралуу баяндалат.
XS
SM
MD
LG