Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:20

Калилов менен Ахмедовдун байгеси үчүн таймаш өтүүдө


Бишкектеги Кожомкул атында Спорт сарайда Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучулар Жусуп Калилов менен Мейрамбек Ахмедовдун байгесине арналган грек-рим күрөшү боюнча мелдеш өтүп жатат. Спорттук баяндамачыбыз Кабыл Макешдин билдиришинче, ага Кыргызстандан сырткары Казакстан менен Тажикстандын балбандары катышууда.

Жусуп Калилов 60, ал эми Мейрамбек Ахмедов 50 жашка чыкты. Калилов жаштар арасындагы дүйнө чемпиону Уран Калилов жана башка олимпиада чемпиондорун тарбиялаган. Ахмедовдун шакирттери Бээжин олимпиадасынын күмүш медаль ээси Канатбек Бегалиев өңдүү бир катар спортчулар. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG