Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Майкл Жэксондун дарыгери этийетсиздиктен киши өлтүргөн деп табылды


Лос Анжелесте жюри Майкл Жэксондун жеке дарыгерин «этиетсиздиги менен сахна жылдызынын өлүмүнө себепкер болгон» деп тапты. 58 жаштагы Доктор Конрад Мюррейге сот өкүмү үч аптадан кийин жарыяланганда, ал төрт жылга кесилип, доктурлук лицензиясынан айрылат деп күтүлүүдө.

Сот Майкл Пастор азырынча дарыгер камакта кала берээрин бышыктады:

Доктор Мюррейдикиндей, алды-артын карабаган этибарсыз мамиле коомдун коопсуздугуна көз-көрүнөө коркунуч келтирет. Ошондуктан мен соттун өкүмү чыкканга чейин ал камакта болушу керек деп эсептейм. Ал Лос-Анжелес шерифинин көзөмөлүндө, күрөөгө бошонуу укугусуз кармалат.

XS
SM
MD
LG