Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:58

БУУ: Сирияда аз дегенде 3500 киши набыт болду


Бириккен Улуттардын адам укуктары кеңсеси Сириядагы март айынан берки өкмөткө каршы нааразылык акцияларында аз дегенде үч жарым миң кишинин каны төгүлгөнүн бышыктады.

БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссариятынын маалымат катчысы Равина Шамдасани өлкөдө уюмдун өз кызматкерлери жок болгону менен, балким толук болбогон бул эсеп ишенимдүү булактардан алынганын билдирди.

Анын айтымында, Араб лигасы колдогон тынчтык келишимине президент Башар Ал-Асаддын өкмөтү кол койгон 2-ноябрдан бери эле армия жана коопсуздук күчтөрү колдуу болуп, 60тан ашык кишинин өмүрү кыйылды.

Бул эсепте жекшембидеги мусулмандардын курман айт майрамында өлтүрүлдү делген 19 киши да бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG