Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:12

Бишкекте эттен жүз чакты адам ууланды


Уулануу жылкы этинен, же казы-картадан чыкканы болжолдонууда.
Уулануу жылкы этинен, же казы-картадан чыкканы болжолдонууда.

Бишкектеги “Арал” кафесинде жүзгө жакын адам ууланды. Алардын бардыгы 5-ноябрь күнү аталган жайда өткөрүлгөн ашка барышкан.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы алар ашта тартылган эттен ууланышкан деген божомолду айтууда. Кафенин жетекчилиги болсо бардык тамак-ашты аш берген жак алып келгенин билдирип жатат.

Өзүн Максат деп тааныштырган 18 жаштагы жигиттин ооруканага түшкөнүнө эки күн болду. Кошуна керебетте жаткан Адил да ошол эле күнү тамактан ууланып жеткирилген. Экөө тең 5-ноябрь күнү Бишкектеги “Арал” кафесиндеги ашка барышкан. Ашка Максат менен Адилден башка дагы 150 киши катышкан.

Аштын эртеси күнү эле ооруканага жабыр тарткан алгачкы адамдар кайрыла баштаган. Жалпысынан жүздөн ашык киши кусуп, эти ысып, бейтапканага жеткирилген.

Алардын 42си ооруканага жаткырылганын жугуштуу илдеттер боюнча оорукананын кабыл алуу бөлүмүнүн дарыгери Айнаш Жаңыбаева билдирди:

- Биринчи күнү үч үй-бүлө кайрылды. Кийинки күнү дагы беш-алтоо. Ал эми кечээ түнү абдан көп адам түштү. Айрымдарына алгачкы жардамды көрсөтүп, өзүн жакшы сезгендерин үйлөрүнө жибердик. Калганы азыр ооруканада. Абалдары жакшы.

Уулануунун башкы себебин санитардык-эпидемиологиялык кызматтар иликтеп жатат. Бирок акыркы сурамжылоолорго жана божомолдорго караганда, бул жерде туура эмес сакталган, же туура эмес бышырылган жылкынын эти, казы-картасы себеп болгон шекилдүү.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун тамак-аш бөлүмүнүн башчысы Мухаммед Мырзашевди угалы:

- Биз жанагы тартылган казы-карта жана жылкынын этинен күмөн санап жатабыз. Анткени сурагандардын баары эле ошол казыда бир жыт бар эле дегендей айтышууда. Бирок биз алдын ала так айта албайбыз. Үч күндөн бери баарын текшерип, анализ чыгаруу үчүн өткөрүп бердик. Эми анализдер чыкканда гана билинет.

Мырзашевдин маалыматы боюнча, ашка алыстан, атап айтканда Таластан коноктор келген жана кийин алардын да абалы начарлап кайрылган. Жегенден калган этти ороп кеткендердин үй-бүлөлөрүнөн да уулангандар болгон.

Ал эми “Арал” кафесинин жетекчилиги колуна берген этти бышырып гана беришкенин айтууда. Кафенин кожоюну Дөөлөтбек Жусупбеков бардык тамактарды, салаттарды үйдөн жасап, чучук менен казыны да үйдөн бышырып келишкенин белгилейт:

- Бул окуя менин кафемде болгонуна өкүнүчтөмүн. Биз болгону өздөрү алып келген этти гана бышырып бергенбиз. Ал эми салат жана чучук, казы-картанын баарын үйдөн бышырып келишкен. Мен ошол өзүлөрү бышырып келген тамак-аштан көрүп жатам.

Аш берген адам өзү да ууланып, оор абалда экени маалым болду. Ал эми мындай жапырт уулануу өлкөдө акыркы 20 жылда катталбаганын Санэпидемиялык көзөмөл борбору тактады. Буга чейин тамак-аштан бирден-экиден адам гана ууланган учурлар кездешкен экен.

XS
SM
MD
LG