Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:32

Бишкекте запкы жеген балдар үчүн борбор иштей баштайт


Декабрь айынан тарта Бишкек шаарында зордук-зомбулукка кабылган балдар үчүн атайын борбор ишин баштайт. “Балдар укугун коргоочулар лигасы” коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекованын “Азаттыкка” билдиришинче, бул борбор запкы жеген балдарга жардам берүүчү Кыргызстандагы мекеме болуп калмакчы. Борбордо он чакты адис зордук-зомбулуктун бардык түрүнө кабылган өспүрүмдөргө психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтүп турмакчы:

“Биздин коомго күнүгө кайрылышат. Ар кандай физиологиялык, психологиялык же болбосо сексуалдык эксплуатацияга учураган өспүрүмдөр көбөйүп бара жатат. Ошондуктан ушундай борбор ачууга шаштык”,-деди Назгүл Турдубекова.

Борбор Бишкектеги 14-мектептин базасында болот. Бул долбоор Бишкек шаардык мэриясы, ЮНИСЕФ жана “Балдар укугун коргоочулар лигасы” коомдук фондунун демилгеси менен ишке ашууда. Маалыматка ылайык, Кыргызстанда ар бир үч өспүрүмдүн бирөөсү ар кандай запкы жеп келет. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG