Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:37

Ошто шайлоочулардын тизмеси боюнча кайрадан митинг өтөт


Президенттик шайлоодо тизмеге кирбей, добуш бере албай калган Ош шаарынын тургундары бүгүн кайрадан митингге чыгууну көздөшүүдө. Бул тууралуу шаар тургундары түзүп алган "Шайлоодогу жарандардын конституциялык укугун коргоо" аттуу комитеттин жетекчиси Сапаргүл Бердалиева “Азаттыкка” билдирди:

“Биз кайсы бир талапкердин укугун же кызыкчылыгын коргоп чыккан жокпуз. Шайлоочулар өзүбүздүн укугубузду коргоп жатабыз”,-деди Сапаргүл Бердалиева.

Маалыматка ылайык, Ош шаарында тизмеге кирбей калганын айткан тургундар өткөн аптада да митингге чыгышып, жарандардын шайлоо укугун камсыз кылуу, БШКны алмаштыруу, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабын билдиришкен. Талаптарынын аткарылышы үчүн 7-ноябрга чейин убакыт беришип, дүйшөмбү күн эс алуу болуп калгандыктан нааразылык акцияларын бүгүнкүгө жылдырышкан.

Өз кезегинде Боршайком президенттик шайлоонун жыйынтыгына олуттуу таасир кыла турган мыйзам бузуулар катталбаганын билдирген. (KKs)

XS
SM
MD
LG