Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:02

НАТОнун Баш катчысы Грузияга расмий сапарга келет


Бүгүн Түндүк Алянстын Баш катчысы Андерс Фог Расмуссен Тбилисиге келет. Грузиянын Ички иштер министрлиги билдиргендей, сапардын биринчи күнү Расмуссен НАТО-Грузия кеңешинин кезектеги отурумуна төрагалык кылат.

10-ноябрда Түндүк Алянстын жетекчиси Тбилисидеги НАТОго мүчө өлкөлөрдүн элчилери, грузин парламентинин депутаттары менен жолугат. Андан кийин Грузиянын тышкы иштер министри Григол Вашадзе жана президент Михаил Саакашвили менен кезигишүү өтөт.

XS
SM
MD
LG