Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:17

ШКУ Өнүгүү банкы менен энергоклуб түзөт


Мындай сунушту ШКУга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын Санкт-Петербугда өткөн жыйынында казак премьер-министри Карим Масимов билдирди.

Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Өмүрбек Бабанов Өнүктүрүү банкы регионалдык маанидеги курулуштарды, маселен энергетика жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууга көмөктөшсө болоорун белгилегенин «Российская газета» жазып чыкты.

Кытайдын мамлекеттик кеңешинин төрагасы Вэн Цзябао ШКУнун аймагында эркин товар жүгүртүүнү камсыздоо маселесин көтөрүп, транспорт, энергетика жана коммуникация жаатында инфраструктураны жакшыртууну сунуштады. Бээжин мындай долбоорлор үчүн жеңилдетилген насыя бөлүүгө даяр.

ШКУга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын кийинки жыйыны 2012-жылы Кыргызстанда өтөт.

XS
SM
MD
LG