Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:21

Италиянын премьер-министри Силвио Берлускони кызматтан чегинет


Италия парламенти Евробиримдик талап кылган экономикалык реформалар боюнча мыйзамды кабыл алгандан кийин Берлускони өкмөт башчылыктан кете турганы кабарланды.

Бул тууралуу Берлускони президент Жоржо Наполитано менен жолугушканда билдирди.

Шейшембиде Италиянын парламентинде Берлусконинин өкмөтү сунуштаган бюджеттик план кабыл алынгандан кийин башкаруучу коалиция тарады. Коалицияга кирген айрым депутаттар добуш берүүдөн баш тартса, ага кирген партиялардын бири өкмөт башчыны кызматтан кетүүгө чакырды.

Эмки аптада Италия парламенти экономикалык реформалар боюнча мыйзам долбооруна добуш берет.

XS
SM
MD
LG