Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:58

Тынч жыйындарга чогулуу жөнүндөгү мыйзам долбоору талкууланууда


Юстиция министрлиги Кыргызстанда тынч жыйындарды өткөрүү боюнча жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Бүгүн бул долбоор Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында талкууланып, жактырылды. Юстиция министри Абылай Мухамеджановдун айтымында, мыйзам долбоору жаңы Конституциянын нормаларына ылайык жарандардын тынч жыйындарды өткөрүүгө болгон укугун камсыз кылуу, коомдо бул багыттагы мамилелерди жөнгө салуу үчүн иштелип чыкты. Жыйын өткөрүүчүлөр адегенде жергиликтүү бийликти кабардар кылышы керек. Эгер өткөрүлө турган жыйын тууралуу маалымат өз убагында берилбесе, ага тыюу салынышы керек деп айтылат. Кыргызстандын Баш мыйзамынын жаңы редакциясы 2010-жылдын 27-июнунда өткөрүлгөн жалпы элдик референдумда кабыл алынган. (RK)

XS
SM
MD
LG