Таластын Бакай-Ата районунда мектеп рэкети боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү башталды. Кабарчыбыздын маалымдашынча, Ленин атындагы орто мектепте 8-класстын окуучулары 7-класстын балдарын коркутуп, сабап, акча өндүрүшкөн. Сабаган учурду балдар уюлдук телефонго тартып алышкан. Учурда бул видео айыл ичине тарап, ички иштер органы тарабынан изилденип жатат. Жабыркаган балдардын ата-энелери милицияга кайрылышкан. Кылмыш иши козголуп, тергөө башталганын "Азаттыкка" облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Бул окуя боюнча райондук акимиатта атайын жыйын өттү.
2009-жылы ушул эле райондо 9-класстын бир окуучусу мектеп рэкетинин курмандыгы болуп, кайтыш болгон. (MbA/RK)
2009-жылы ушул эле райондо 9-класстын бир окуучусу мектеп рэкетинин курмандыгы болуп, кайтыш болгон. (MbA/RK)