Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:26

Парламентке келген партияны мамлекеттик каржылоого өткөрүү сунушталууда


Шайлоодон утуп, парламентке келе алган саясый партияларды мамлекеттик каржылоого өткөрүш керек. Мындай норма жаңыдан сунушталып жаткан "Кыргыз Республикасындагы саясый партиялар жөнүндөгү" мыйзам долбоорунда бар. Эгерде бул мыйзам долбоору жактырылып, кабыл алынса, мамлекеттик каржылоо 2014-жылдын 1-январынан тарта жүргүзүлө баштайт. Сунушталып жаткан долбоордо ошондой эле саясый партиялардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу башка дагы бир топ чектөөлөр жана талаптар бар. Мисалы, саясый партия республиканы текши камтып, анын курамы бир гана улуттан болбошу керек. Расмий каттоодон өткөн партия мүчөлөрүнүн саны 1 миңден, ал эми Бишкек менен Ошто 200дөн кем эмес болуусу талап.

Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Анын автору - Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева.

Кыргызстанда 140тан ашуун саясый партия бар. Алардын бешөө парламентте.

Адистердин пикиринде, азырынча Кыргызстандагы саясый партиялар жарандык коом менен мамлекеттин ортосундагы мамилелерди камсыздоочу институтка айлана элек. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG