Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:47

Таластан Ошко буудай ташыган эки адамды Өтмөктөн тоноп кетишти


Таластан Ошко буудай ташып бараткан эки адам Өтмөк ашуусунан тонолду. Бул окуя Курман айт күнү, 6-ноябрда болгонун бүгүн "Азаттыкка" Талас облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Максат Абдысеитов билдирди. Анын айтымында, жеңил автомашина айдаган эки адам жүк ташуучу унааны токтотуп, өзүлөрүн милиция кызматкерибиз деп тааныштырышкан. Колдорунда электрошокер жана ок атуучу курал болгону айтылууда. Жабырлануучулардын бирөө учурда Бишкекте дарыланып жатат, экинчиси үйүндө. Тоноочулар алардын 35 700 долларын, 2 800 сомун жана эки уюлдук телефонун тартып алышкан. Жабыркаган эки адам тең Талас облусунун Манас районунун тургундары. Кылмыш иши козголуп, иликтөө башталды. (MbA/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG