Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:12

Кыргызстандык ырчы Бек Исраилов Астанадагы фестивалда баш байгени алды


Кыргызстандык жаш ырчы Бек Исраилов чыгармачыл жаштардын Астанада өткөн “Шабыт 2011” эл аралык фестивалында баш байгенин ээси болду. Кабарчыбыздын маалымдашынча, 3-8-ноябрда өткөн бул сынакка 300дөн ашык талант катышты. Жеңүүчүлөр көркөм өнөр, мыкты адабий чыгарма, элдик ыр, классикалык музыка, эстрадалык музыка деген 5 жанр боюнча аныкталды. 19 жаштагы Бек Исраилов эстрадалык музыка боюнча гран-прини жеңип алды. Ырчы жигит ушул жылы Ысык-Көлдө өткөн музыкалык сынакта биринчи орунду ээлеген.“Шабыт” фестивалы 1998-жылдан бери өткөрүлүп келет. Ал эми 2000-жылдан тарта эл аралык деген статуска ээ болгон. (EzK/RK)

XS
SM
MD
LG