Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:47

Франция Иран боюнча докладды Коопсуздук кеңешинде талкуулоого чакырды


Франция БУУнун Коопсуздук кеңешин МАГАТЭнин Иран боюнча докладын талкуулоого чакырды. Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик кечээ жарыяланган баяндамасында Иран ядролук куралдын үстүнөн иштеп атат деп билдирген.

Франция тышкы иштер министри Алэн Жюппенин билдирүүсүндө белгиленгендей, Тегеран эл аралык коомчулуктун талаптарына көнбөсө, Париж “эң катаң санкцияларга” даяр. МАГАТЭ Иран ядролук куралды чыгарууга байланышкан сыноолорду өткөргөндүгү жөнүндө далилдер бардыгын айткан. Европа Биримдиги да баяндамага байланыштуу камтамасын билдирди.

Тегеран докладды "бир тараптуу жана саясатташкан" деп атап, дооматтарды четке какты. Президент Махмуд Ахмадинежад бүгүн мамлекеттик сыналгыдан сүйлөп, Иран атомдук программасынан "бир да карышка чегинбейт" деди. БУУнун Коопсуздук кеңеши Иран уран байытуу процессин токтотпогондугу үчүн 4 жолу санкция киргизген. Байытылган уран атомдук бомба жасоодо керектелиши мүмкүн. Тегеран ядролук программасы жалаң тынчтык максаттарын көздөөрүн ырастап келатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG