Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:13

Россия Дүйнөлүк соода уюмуна киришине жол ачылды


Москва менен Тбилиси Россиянын Дүйнөлүк соода уюмуна кирүүсүнө жол ачкан келишимге жетишишти. Документке бүгүн Женевада кол коюлду. Россия уюмга кошулууну дээрлик 20 жылдан бери эңсеп жүргөн. Уюмдун мүчөлөрүнөн Грузия гана ага тоскоол болуп келген. Швейцариянын арачылыгы менен түзүлгөн келишимге ылайык, Россия менен Грузиянын сепаратисттик Абхазия жана Түштүк Осетия ортосундагы бажы көзөмөлү көз карандысыз компанияга тапшырылат. 2008-жылы эки өлкөнүн кыска согушунан кийин Россия жикчил жумурияттарды эгемен өлкө катары тааныган.

Россиянын бул ири дүйнөлүк уюмга киришин эми декабарда соода министрлери Женевадагы жыйында жактырууга тийиш.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG