Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:08

Медведев Тажикстанда соттолгон учкучтардын ишине реакциясын билдирди


Россия президенти Дмитрий Медведев тышкы жана юстиция министрликтерине Тажикстанда соттолгон орус авиакомпаниясынын учкучтарынын ишин териштирүүнү тапшырды. Кечээ Коргон-Төбө шаарынын соту эки учкучту – Россиянын жана Эстониянын жарандарын 8 жарым жылга эркинен ажыраткан. Алар аткезчилик, мамлекеттик чек араны бузуу жана учуу эрежелерин сактабагандыгы үчүн айыпталган.

Орус тышкы мекемеси соттун өкүмүн өтө катаң жана саясий өңүтү бар, ал Россия менен Тажикстандын мамилелерине терс таасир тийгизиши мүмүкүн деп белгиледи.

XS
SM
MD
LG