Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:29

“Центерра голддун” вице-президенттигине үч адам ат салышууда


“Кумтөр” алтын кенин иштеткен “Центерра голд инк” компаниясынын вице-президенттик кызматы үчүн Кыргызстандын атынан үч талапкер ат салышып жатат. “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун жетекчиси Осмонбек Артыкбаевдин “Азаттыкка” тастыкташынча, ушул тапта талапкерлер: Кылычбек Шакиров, Турат Усубалиев жана Теңиз Бөлтүрүков Канадада оозеки сынактан өтүшүүдө. Директорлор кеңеши алардын бирөөнү тандап алат.

Кыргыз өкмөтү менен “Центерра голддун” ортосундагы жаңы макулдашууга ылайык, компаниянын вице-президенти кыргызстандык болоору белгиленген.

Ысык-Көл облусундагы “Кумтөр” алтын кенин Кыргызстан-Канада биргелешкен “Центерра голд инк” компаниясы иштетип келет. Кыргызстан бул компаниянын акцияларынын 33 пайызына ээлик кылат. (KKs)

XS
SM
MD
LG