Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:50

Түркияга жардам жеткирген учак Кыргызстанга келе элек


Түркияда зилзаладан жабыркагандарга гуманитардык жардам жеткирип барып, Эрзурум аба майданында Грузиянын учагына канаты менен урунган Кыргызстандын учагы кайра кайтып келе элек. Бул тууралуу “Азаттыкка” Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз катчысы Курманбек Рыспаев билдирип, окуяны Түркиядагы жергиликтүү комиссия иликтеп жатканын кабарлады:

“Жергиликтүү комиссиялар өздөрү иликтейт экен. Биздикилер өкүл болуп эле барып, катышууга мүмкүн экен. Бизден өкүлдөр кетишти. Комиссиянын жыйынтыгы чыга элек”,-деди Курманбек Рыспаев.

Кыргызстандын учагы 30-октябрда Түркияга жөнөп кеткен. 23-октябрда Түркиянын Эржиш шаарында күчү 7,2 баллга жеткен жер титирөө катталган болчу. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG