Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:44

А.Атамбаев инаугурацияга чейин өкмөт башчылыкты аткарат


Алмазбек Атамбаев шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыялангандан кийин премьерлик кызматын уланта берет. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын басма катчысы Кадыр Токтогулов кабарлады.

-Мыйзамда ошондой. Мыйзамда кандай жазылса, ошондой кылып жатат. Азыр макамы дагы эле талапкер катарында.

Мыйзамга ылайык, азыркы президент Роза Отунбаеванын мөөнөтү ушул жылдын 31-декабрында аяктайт. Эмки президент жаңы жылга дейре расмий түрдө ишке киришүүгө тийиш. БШК шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарып, инаугурация болгон күндөн тарта азыркы президенттин ыйгарым укуктары токтотулат. (KKs)

XS
SM
MD
LG