Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:09

Казакстандан келген көмүрдө радиация нормадан 8-10 эсе жогору


Казакстандын Кулан аймагынан Бишкектеги жылытууэлектрцентралына ташылып келген көмүрдө радиациянын деңгээли нормадан 8-10 эсе жогору экени экспертизанын жыйынтыгында тастыкталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жетекчиси Төлөн Исаков билдирип, бул көмүрдү колдонууга болбой турган айтты:

- Көмүр жагылгандан кийин зыяны аба аркылуу айлана чөйрөгө кетет. ТЭЦтен күйгүзүлгөндөн кийин аба менен 3-4 чакырымга тарайт. Ошондуктан, абаны да, жер алдындагы сууларды да булгабашы, элге зыян келбеши үчүн бул көмүрдү жакканга болбойт деп алып чыгып кетүүнү сунуштадык. Биздин сунушка атайын түзүлгөн мекемелер аралык комиссия макул болду.

Төлөн Исаков белгилегендей, Казакстандан келген 8 миң тоннадан ашык көмүр азыр Бишкек жылытууэлектрцентралында атайын жайда сакталып турат.

Жогорку Кеңештеги “Ата-Мекен” фракциясы 26-октябрдагы жыйынында ЖЭЦти көмүр менен камсыздоо маселесин талкуулап, Казакстандан радиациясынын деңгээли жогору көмүр ташылып келип жатканы айтылган болчу. Андан соң Кулан кенинен көмүр ташуу токтотулуп, Бишкекте көмүрдү текшерүү иштери башталган. (KKs)

XS
SM
MD
LG