Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:13

Грекиянын премьер-министри Папандреу кызматтан кетти


Шаршембиде Георгиос Папандреу өз телекайрылуунда улуттук биримдиктин коалициялык өкмөтүн куруу үчүн кызматтан чегингенин жарыялады.

Папандреунун айтымында, өлкөдөгү негизги партиялар шайлоого чейин иштей турган өкмөттүн курамы тууралуу бир чечимге келишти. Анткен менен ал жаңы өкмөттү ким жетектей турганын айткан жок.

Жаңы өкмөт Евробиримдик менен Эл аралык валюта корунун каржылык көмөгүн алуу үчүн Грекияга жүктөлгөн шарттарды аткаруусу керек. Тышкы көмөксүз грек экономикасы дефолтко кабылат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG