Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:32

«Азаттыктын» кабарчысы Жаңыл Жусупжан Лондондо эл аралык сыйлыкка татыды


«Азаттыктын» кабарчысы Жаңыл Жусупжан «Оштун кайып кыздары» деген журналисттик иликтөөсү үчүн Лондондогу Эл аралык телерадио берүүлөр ассоциациясынын «Эң мыкты документалдык радио иликтөө» номинациясынын атайын сыйлыгына ээ болду.

Эркин Европа/Азаттык үналгысынын иран кызматынын журналисти Фаршид Манафи «Эл аралык радионун мыкты адамы» сыйлыгын жеңди. Манафи «Фарда» үналгысынын популярдуу сатиралык программасынын редактору жана алып баруучусу.

Эл аралык телерадио берүүлөр ассоциациясынын жылдын мыктыларын аныктаган сыйлык тапшыруу аземи 9-ноябрда Лондондо өттү. Борбор Азия аймагынан Жаңыл Жусупжандын радиобаяны сынакка кабыл алынган. Сыйлык медиа жаатында 20 түрдүү номинация боюнча дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнүн журналисттерине жылына тапшырылат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG