Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:07

“Тумар” радиосунун үн режиссеру Айдаралиев ооруканада көз жумду


“Тумар” радиосунун үн режиссеру Жаныбек Айдаралиев ооруканада көз жумду. Ал мээсине жасалган операциядан кийин 2 жума ооруканада жатып, өзүнө келбеген бойдон каза тапты. 16-октябрда 23 жаштагы Жаныбек Айдаралиевди өзү иштеген түнкү клубдан катуу сабап кетишкен. Жыйынтыгында анын мээсине 2 жолу операция жасалган.Бул боюнча Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук милициясы тарабынан кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү деп 28 жаштагы Максат Эралиевге издөө салынган. Иш Бишкек шаардык прокуратурасынын көзөмөлүндө. (EzK/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG