Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:51

Кара-Сууда оорукананын имараты оңдолуп жатат


Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун аймактык ооруканасынын филиалы оңдолуп жатат. Анын имараты Кыргыз-Чек айылында жайгашкан. Оңдоо иштерин Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция жүргүзүүдө. Оорукананын имараты 20 жыл мурда салынган. Ошондон бери капиталдык ремонттон өтө элек болчу. Жергиликтүү тургундар тез жардам кызматынын жоктугуна байланыштуу нааразылыктарын айтышкан. Суу, жылуулук системалары да иштен чыгып калган. Капиталдык ремонтко мамлекет 17 млн. сом бөлүп берди. (RK)

XS
SM
MD
LG