Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:46

Таластык милициянын иши сынга алынды


Талас облусунун ички иштер органдарынын кылмыштардын бетин ачуу боюнча жасаган иши чабал болууда. Мындай сын бүгүн Талас шаарында милиция кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу жыйында айтылды. Облустук мамлекеттик администрациянын коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Азимкан Ашыралиев милиция начар иштеп жатканын айтты. Анын билдиришинче, ишканаларды талап-тоноо, мал уурдоо, жол кырсыктары сыяктуу көптөгөн кылмаштардын бети ачылбай, күнөөлүүлөр жазаланбай келет. Ушул айдын алгачкы аптасында эле облуста 5 жол кырсыгы катталган. Кечээ Өтмөк ашуусунда Таластан Ошко буудай ташыган эки адам тонолгону айтылган. (MbA/RK)

XS
SM
MD
LG