Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:54

Италиядагы финансылык абал биржаларды бейпайга салды


Италия карыз кризисине кабылган еврозонадагы кезектеги өлкө болуп калышы ыктымал деген чочулоолордон улам биржалардагы индекстер кескин төмөндөөдө.

Кечээ Италиянын мамлекеттик облигацияларынын баасы түшүп, карыздын үстөгү 7 пайызга өсүп кеткен. Мындай абалда буга чейин Португалия, Греция жана Ирландия финансылык жардам суроого мажбур болушкан. Италия – еврозонадага 3-ири экономика.

Президент Жоржио Наполитано биржаларды тынчытуу аракетинде премьер Силвио Берлусконинин жакын арада кызматынан кетерин кечээ кечинде жарыялады. Өкмөт башчынын экономикалык реформаларды жүргүзүү кудуреттүүлүгү күмөн жараткандыктан, өлкө саясий кризиске да кептелди. Берлускони парламент реформалар долбоорун жактырса эле, кызматынан чегинерин айтып келатат. Мыйзам чыгаруучулар бюджеттик чыгымдарды үнөмдөө планын ушул дем алыштарда карашат деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG