Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:58

Ванда кечээки зилзаладан кийин 20 киши куткарылды


Түркиянын вице-премьер-министри билдиргенине караганда, куткаруучулар жер титирөөдөн урап калган 3 имараттын алдынан 20 кишини алып чыгышты.

Бешир Аталайдын маалыматына караганда, кечээки зилзаладан Ван шаарында 25 имарат кыйрап калган, үчөөндө гана адамдар бар болчу. Күчү 5,7 баллга жеткен силкинүүнүн очогу Вандан 16 километр алыс жерде орун алган. 23-октябрда ошол эле чөлкөмдө болгон жер титирөө 600дөй кишинин өмүрүн алып кеткен.

"Вандагы кыргыздар кечээки кырсыктан жабыркашкан жок", - деп билдирди "Азаттыкка" жергиликтүү тургун Сейфулла Туфар.

XS
SM
MD
LG