Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:08

Грециянын жаңы өкмөт башчысы дайындалды


Грециянын улуттук биримдик өкмөтүн Европа Борбордук банкынын вице-президенти Лукас Пападемос жетектемей болду. Мындай мунасага саясий партиялар 4 күнгө созулган сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында келишти.
Бир нече айдан бери карыз кризисинен жабыркап келаткан Грециянын буга чейинки премьери Георге Папандреу кечээ кызматынан кетүү арызын президентке тапшырган.

Пападемостун өкмөтү февралдагы парламенттик шайлоого чейин иштеп турмакчы. Ага Европа биримдиги менен Эл аралык валюта фондунан алынчу карыздын шарттарын ишке ашыруу милдети жүктөлүүдө. Финансылык жардамсыз өлкө банкрот болуп калуу коркунучуна кабылмакчы. 130 миллиард евролук жардам алуу үчүн Афины өкмөтү бюджетти бир топ үнөмдөшү керек. Андай чараларга көпчүлүк гректер каршы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG