Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:20

Еврокомиссия экономикалык рецессия тууралуу эскертүүдө


Европа комиссиясы евромейкиндикке кирген 17 өлкө эмки жылы рецессияга туш болушу ыктымал деп эскертти. Мындай кооптонууларга зонанын 3-ири экономикасы Италиядагы финансылык абал негиз берүүдө.
Британиянын өкмөт башчысы Дэвид Камэрон Италиянын проблемалары бирдиктүү валюта жүгүртүлгөн бардык өлкөлөргө тикелей коркунуч жаратаарын белгиледи. Британия еврозонага кирбейт.

Эл аралык валюта фондунун төрайымы Кристин Лагард Италия жана Греция жетекчилерин саясий маселелерге тезирек айкындык киргизүүгө үндөдү. Италиянын өзүндө болсо айрым булактар премьердин ордун Еврокомиссиянын мурдагы комиссары Марио Монти ээлеши мүмкүн деп кабарлашууда. Өкмөт башчы Силвио Берлускони парламент экономикалык реформалар боюнча мыйзам долбоорун жактырса эле кызматынан кетерин айткан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG