Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:01

Аятолла Хаменейи: АКШ менен Израилге туруштук беребиз


Ирандын жогорку руханий лидери Аятолла Али Хаменейи Израил менен АКШ өлкөнүн өзөктүк жайларына сокку урушса, "катуу туруштукка туш болушат" деп эскертти.

Мамлекеттик телеканалдан сүйлөгөн Хаменейи “чабуул жөнүндөгү коркутуп-үркүтүүлөр турсун, аскерий чаралар жөнүндөгү ойлорго тиешелүү жооп кайтарабыз” деп билдирди.

Кечээ Израил эл аралык коомчулукту Иранды өзөктүк программасынан баш тарттыруу үчүн чара көрүүгө үндөгөн. Бир нече күн мурун болсо Израилдин жогорку жетекчилери Ирандын өзөктүк объектилерине сокку уруу ыктымалдыгын жокко чыгарбасын билдиришкен. Тел-Авив Тегерандын атомдук программасы жөөт мамлекетине кооп туудурат деп эсептейт.

Шейшембиде МАГАТЭ жаңы докладында Ирандын атомдук программасы курал жасоону көздөшү мүмкүн деп жазган эле. Тегеран андай дооматтарды чектке кагып, атомдук энергияны тынчтык максатта гана пайдаланарын кайталап келатат.

XS
SM
MD
LG