Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:30

6 миңдей ири мүйүздүү бодо мал шарпка кабылды


Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жалпысынан республика боюнча 62 аймакта шарптын белгилери катталды. Атайын вакцина алуу үчүн 10 миллион сом бөлүндү. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов илдеттин таралышына жол бергендер жазаланаарын эскертти.

Шарп ылаңынын жаңы козгогучу алгач сентябрь айында Жайыл районунда катталган. Учурда Чүйдүн бардык сегиз районунда, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл жана Тоң райондорунда, Нарындын Кочкор, Жумгал, Нарын райондорунда жана Жалал-Абаддын Тогуз-Торо, Токтогул райондорунда бул оору бар.

Шарп ача туяктуу малдын ылаңы. Анын 7 козгогучу бар. Кыргызстанда 2 тиби катталууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG