Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:00

ЮНЕСКО акчанын тартыштыгынан жаңы долбоорлорун токтотот


Бириккен Улуттар уюмунун билим берүү, илим жана маданият уюму жыл аягына чейин жаңы долбоорлорун токтотот. Баш катчы Ирина Бокова уюмдун ишмердүүлүгүн толук кандуу жүргүзүүгө АКШ төлөмдөрүн токтоткондон кийин 65 миллион доллар жетпей калганын билдирди.

ЮНЕСКОнун жетекчилери билдиргендей, жаңы долбоорлор менен катар эле кызматкерлердин иш сапарлары, жаңы басылмалар, конференция-жыйын өткөрүүгө кеткен чыгымдар кыскартылды.

Өткөн айда Палестина бул уюмга мүчөлүккө расмий кабыл алынгандан кийин АКШ менен Израил ЮНЕСКОго берген төлөмдөрүн нааразылык иретинде токтоткон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG