Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:22

Араван менен Ноокатта коомдук сейил бактар кайрадан ачылды


Ошто Аравандын жана Ноокаттын тургундары жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте эки коомдук сейил бакты калыбына келтирүү иштеринин аякташын майрамдашты. Бул тууралуу АКШ элчилигинен кабарлашты. Сейил бактар ар улуттун өкүлдөрү жыш жашаган райондордо жайгашкан. Калыбына келтирүү иштерине АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча USAID агенттиги жардам берди.

USAIDдин Өткөөл мезгилдеги демилгелер (OTI) программасы жергиликтүү курулуш компанияларын жалдап, жолчолорду куруу, отургучтарды, беседкаларды, таштанды чакаларын орнотуу жана фонтандарды оңдоо менен колдоо көрсөттү.

2010-жылдын май айынан тарта OTI программасы аркылуу мамлекеттик жана коомдук демилгелерди колдоо иретинде 150дөн ашык чакан гранттар берилди. Алар жарандардын демократиялык жүрүм-турумунун калыптанышына түрткү берет жана жарандардын, жарандык коом уюмдардын жана өкмөттүн ортосунда ишеничти жогорулатат. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG