Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:36

Оштун Ак-Таш айылында кургак учукка чалдыккандар көп экени айтылууда


Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ак-Таш айыл округунда кургак учук менен ооругандар киши санына эсептегенде Борбор Азияда биринчи орунга чыккан. Муну Ош облустук керектөөчүлөрдүн укугун коргоо инспекциясы айтып чыкты. Бул жерде 6 миң чамалуу жашоочуга 105 кургак учук туура келет. Адистер дартка чалдыккандардын көбү чет жактан жуктуруп келип жаткандыгын айтышууда. Жергиликтүү дарыгерлер оорунун масштабы коркунучтуу эмес деп эсептешет. Алардын айтымында, каттого алынган сыркоолордун саны 38 адам. Көбүнчө жаштар ооруп жатышат. Россия, Казакстанда иштеп жүрүп жугузуп алгандар айылга оору өрчүшүп кеткенде келип, дарыланып жатышканы айтылууда. (ErN/RK)

XS
SM
MD
LG