Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:01

Кант диабети боюнча мыйзам сыркоолордун укугун коргобой жатканы айтылды


Кыргызстанда "Кант диабети жөнүндөгү" мыйзам көрсөтмө, декларативдүү мүнөзгө ээ. Мындай пикирин бүгүн "Диабетти көзөмөлгө алалы!" деген акциянын уюштуруучулары билдиришти. Алардын айтымында, аталган мыйзам диабетке чалдыккандардын социалдык-экономикалык укуктарын коргоодо, оорунун алдын алууда толук кандуу таасирин бере албайт. Диабет күнү 14-ноябрда белгиленет. Ага чейин республика боюнча бул дарт тууралуу маалыматтык кампания жүрөт. Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 32 миң адам диабетке чалдыккан. Бирок алардын саны 2-3 эсе көп экени айтылууда. Диабет адамдын эндокриндик системасынын иштешинин бузулушунан пайда болот. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG