Линктер

бейшемби, 23-февраль, 2017 Бишкек убактысы 18:09

Кара-Суу районунда жаңы суу түтүгү курула баштады


Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкан айылында жашаган калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн жаңы суу түтүгү курула баштады. Бул тууралуу Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциядан кабарлашты. Суу түтүк «Папан» участогунда курулат. Полиэтилен түтүктөрүнөн турган системанын узундугу 4 420 метрди түзөт. Курулуш иштерине 4 миллион 194 миң сом талап кылынат. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG