Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:00

Киши колдуу болгон үн режиссердун тарапкерлери митингге чыгышты


Киши колдуу болуп каза тапкан үн режиссер Жаныбек Айдаралиевге кол салган адам табылсын деген талап менен Жогорку Кеңештин алдында митинг өттү. Митингди өткөрүү демилгесин “Дизель” форумунун колдонуучулары көтөрүп чыгышкан. Аларды Айдаралиевдин кесиптештери, бир катар журналисттер колдошту. Уюштуруучулардын бири Эркин Алымбековдун айтымында, иш-чаранын башкы максаты Жаныбекке кол салган адамдын кармалбай жатканына бийликтин көңүлүн буруу болуп эсептелет. Митингчилерге Жогорку Кеңештин депутаттары Ширин Айтматова менен Дастан Бекешов чыгышып, бул ишти көзөмөлгө алаарын айтышты. Айдаралиев “Тумар” радиосунда иштечү. 16-октябрда 23 жаштагы Жаныбек Айдаралиевди өзү иштеген түнкү клубдан катуу сабап кетишкен. Жыйынтыгында анын мээсине 2 жолу операция жасалган.Бул боюнча Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук милициясы тарабынан кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү деп 28 жаштагы Максат Эралиевге издөө салынган. (EzK/RK)

XS
SM
MD
LG