Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:19

"Достук" бекети ачылганы Кара-Суу базары жанданды


Кыргыз-өзбек чек арасынын "Достук" бекети ачылгандан бери Кара-Суу базарынын соодасы жанданды. Өзбекстандан келген алармандардын саны артууда. Бирок "Достук" бекетинен азырынча бирин-экиндеп гана өткөндөр болбосо, кардарлардын калың катмары Кыргызстанга келүүдөн кооптонуп турат. Келгендерин милиция кыйнап жаткан экен. Өзбекстандык Мирлан “Азаттыкка” буларды айтып берди:

- Чынын айтканда кардарлар мурдагыдай келе элек. Алар келгенден коркуп турушат. Келгендерин деле милиция кармап алып, кууп, акчасын алып коюуда.

Орто Азиядагы ири соода борбору болуп саналган Кара-Суу базарынын иши Өзбекстан чек арасын жаап салгандан бери солгундап келген. "Достук" былтыркы апрель окуясынан кийин жабылган. Андан башка эки өлкө ортосунда дагы 7 өткөрмө бекети бар. Бирок алар качан ачылаары азырынча белгисиз. (ErN/RK)

XS
SM
MD
LG