Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:18

Москва 100дөн ашык тажикти мекенине айдайт


Орусия 100дөй тажикстандык мигрантты мекенине кайтармакчы болууда. Интер-Факс агенттигинин Орусиянын миграция кызматына шилтеп кабарлашынча, тажикстандыктар “бир-эки күн ортосунда” өлкөдөн айдалат. Айдалгандар Орусияга беш жыл бою бара алышпайт. Орус тараптын маалыматы боюнча, жыл сайын өлкөгө Тажикстандан 700 миңден ашуун жаран жумуш издеп келет. Тажикстандыктар Орусияга визасыз кире алышат. Бирок жумушка орношуу үчүн уруксат алуусу шарт.

XS
SM
MD
LG