Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:03

Радиациялуу таш көмүр боюнча кылмыш иш козголду


Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Казакстандын Кулан кенинен Бишкекке алынып келген радиациялуу көмүргө байланыштуу кылмыш иш козгоду. Андан мурдарак мекемелер аралык комиссия Бишкек жылуулук борборуна түшүрүлгөн көмүрдө радиациянын деңгээли 10-12 эсе жогору экенин аныктап, көмүрдү кайра артка жөнөтүү чечими кабыл алынган.

Энергетика министри Аскарбек Шадиев “Электр тармактары” ачык акционердик коомунун башчысы Аман Тентиевге сөгүш жарыялады.

Быйыл аталган акционердик коом Бишкек жылуулук борборун көмүр менен камыздоо боюнча тендер өткөрүп, анын жеңүүчүсү деп Казакстандын “Кулан” ишканасы табылган болчу.

Сентябрь айында 8,5 тонна көмүр алынып келген эле. Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында көмүрдө радиациянын көлөмү жогору экени айтылып, мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG