Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:57

Лизинг компаниялары кошумча салыктан бошотулат


Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов 11-ноябрда лизинг насыяларын, башкача айтканда, дыйкандарга айыл чарба техникаларын узак мөөнөткө ижарага берүүнү өнүктүрүү маселелери боюнча жыйын өткөрдү. Анда азыр лизинг кызматы боюнча мыйзам долбоор иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна берилгени айтылды. Долбоордо айыл чарба техникаларын узак мөөнөткө ижарага берген компанияларга бир катар жеңилдиктер каралган. Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче, Бабанов тиешелүү министрлерге лизинг кызматын өнүктүрүү боюнча тапшырмаларды берди.

Кыргызстан соңку жылдары айыл чарба техникаларын, айрыкча тракторлорду негизинен Кытайдан алып жатат. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG