Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:22

Чоң-Алай: Кар күрткүдө калган малга тоют жете элек


Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Абдишарип Бекилов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, оболу үч унаа чөп тартып кеткен, кечээ да бир унаа жөнөтүлдү. Бирок малчыларга жете элек. Бекиловдун айтымында, күн кичине жылыгандыктан тоолордун күнгөй беттеринде кар эрип, мал оттоп калгандыктан, малчылар чөпкө муктаж болбой жатышы мүмкүн. "Бирок 14-15-ноябрь күндөрү кайрадан кар жаайт", - дейт Бекилов.

8-9-ноябрь күндөрү Чоң-Алайдын Теңизбай ашуусуна кар калың түшүп, жайлоодон жакага түшүп келеткан 12 короо кой белде калган болчу. Малчылар кайра артка кайтып Кызыл-Эшме айылына тиешелүү мал сарайга барышкан, чөп өп-чап экени, малды жут алышы мүмкүндүгү маалымдалган. (EBM)

XS
SM
MD
LG