Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:42

Мексиканын ички иштер министри кырсыктан каза тапты


11-ноябрда Франциско Блэйк Мора бараткан тик учак борбор шаардан Куэрнавакага бараткан жеринен кулап түшкөн. Министр менен кошо борттогу 7 киши набыт кетти.

Президент Фелипе Калдерон кырсыктын себеби тумандуу аба ырайы болушу мүмкүн деп билдирди. Кайгылуу окуяга байланыштуу президент Азия-Тынч океан өлкөлөрүнүн Гавайидеги саммитине барбай калды.

Мексикада ички иштер министрине коопсуздукту камсыздоо, тартипти сактоо милдеттери менен катар наркокартелдерге каршы күрөштү жетектөө озуйпасы жүктөлгөн. Соңку 5 жылда бул тармактагы жаңжалдарга байланыштуу өлкөдө 40 миңдей киши каза тапкан. 3 жыл мурун ошол кездеги министр Хуан Камило Моурино авиакырсыкта курман болгон.

АКШ президенти Барак Обама Мексика президентине телефон чалып, көңүл айтты.

XS
SM
MD
LG