Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:30

Түркия: кемени качырган адам өлтүрүлдү


Түркияда жүргүнчүлөрдү ташыган кемени качырган адам коопсуздук аскерлери тарабынан атып өлтүрүлдү. Расмий булактардын ырастоосунда, операция маалында бир да жүргүнчү, же экипаж мүчөлөрү жабыркашкан жок.

Стамбулдун губернатору Хусейн Авни Мутлу барымтачы Күрттөрдүн жумушчу партиясынын мүчөсү деп болжолдонуп жатканын айтты. Азыр анын жанында бомба болуп-болбогону териштирилүүдө. Ага чейин 5 күрт согушкери Измит шаарынан сүзүп бараткан Картепе кемесин басып алышканы расмий маалымдалган.

Күрттөрдүн жумушчу партиясы түштүктө автономия алуу үчүн күрөшүп келатышат. Жакында түрк армиясы согушкерлердин кошуна Ирактагы базаларына соккуларын күчөткөн.

XS
SM
MD
LG