Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:23

Клинтон Иранды МАГАТЭнин докладына жооп берүүгө үндөдү


АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Иранды МАГАТЭнин докладында камтылган маалыматтар боюнча жооп берүүгө үндөдү. Апта башында Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик Иран атомдук куралдын үстүнөн иштеп жатышы мүмкүн деп билдирген.

Азия-Тынч океан өлкөлөрүнүн саммитинде сүйлөгөн кезинде Клинтон Обама администрациясы Тегеранга каршы санкция көрүү маселесин шериктери менен талкуулап жатканын айтты.

- Биз Ирандын атомдук программасына байланышкан камтамачылык айтылган МАГАТЭнин докладын талкууладык. Тегеран көп жылдан бери өзөктүк программасы тынчтык максаттарына гана багытталганын ырастап келатат. Жакынкы күндөрдө баяндамада козголгон суроолорго жооп күтөбүз. АКШ Иранга кысым көрсөтүү үчүн чара көрүү маселесин шериктери менен талкуулай берет.

Иран атомдук программасы тынчтык максаттарын гана көздөгөнүн кайталап, МАГАТЭнин докладын чекте какты. Бирок Тегеран агенттиктин маалыматтарына жооп кайтара элек.

XS
SM
MD
LG