Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:46

Казак прокуратурасы: Тараздагы чабуулду исламчыл согушкер ишке ашырган


Казакстандын баш прокурорунун орун басары Нурмухамед Исаев Тараз шаарындагы жапырыкты “жихадчы” ишке ашырганын билдирди. Прокурордун маалыматына ылайык, ишемби күнкү ок атышуу менен жардыруудан 7 киши мерт кетти, анын бешөө коопсуздук кызматкерлери болчу. Ага чейин Ички иштер министрлиги белгисиз адам курал-жарак саткан дүкөнгө кол салып, 2 мылтык уурдап, кайтаруучуну өлтүрүп кеткенин маалымдаган. Качып бараткан жеринен аны кармоого аракеттенген эки полициячыны атып салган. Курчоого алынганда өзүн өзү жардырып, аны менен кошо автоинспекция кызматкери окко учту. Өткөн жумада Атырау шаарында болгон кош жардыруу үчүн жоопкерчиликти исламчыл топ өзүнө алган.

Окуя болгон Жамбыл облусу Кыргызстандын Талас облусу менен чектешет. Кыргызстандын чек ара кызматынын жетекчиси Закир Тиленов кыргыз-казак чекарасы жабылбаганын, бирок көзөмөл күчөтүлгөнүн "Азаттыкка" маалымдады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG