Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:29

Сирия Араб Лигасынын жыйындарына катыша албайт


Араб Лигасы Сирияны жыйындардан убактылуу четтетүү сунушун колдоду. Дамаск президент Башар Асаддын режимине каршы чыккан элге күч колдонууну токтотуу жөнүндөгү келишимди аткара баштамайынча, уюмдун жыйындарына катыша албайт. 18 өлкөнүн башын бириктирген Лига бул санкция келерки шаршембиден тарта күчкө кирерин белгиледи. Билдирүү ошондой эле Дамаксидеги элчилерди чакыртып алууга үндөйт. Документке Ливан, Йемен жана Сирия каршы добуш берди, Ирак калыс калды.
Сириянын Лигадагы өкүлү бул кадам уюмдун хартиясын бузаарын айтып, ал “Батыш менен Америкага кызмат өтөп жатканын көргөзөт” деди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG