Линктер

жума, 24-март, 2017 Бишкек убактысы 14:22

Иранда курал кампадагы жарылуудан 27 киши жан таслим болду


Ирандагы "Революциялык сакчылар" деген аскерий бөлүктүн маалымат катчысы курал-жарак кампасындагы жарылуудан курман болгондордун саны 27 кишиге жеткенин билдирди. Жарылуу Малард шаарынан алыс эмес жердеги Бидганех базасында болгон. Набыт кеткендердин бардыгы гвардиянын мүчөлөрү экени кабарланууда. Жарылуудан кеминде 16 киши жараат алды. Айрым кабарларга караганда, бийлик аны кырсык деп сыпаттоодо
.
Октябрда "Революциялык сакчылардын" дагы бир кампасында жарылуудан бир нече киши мерт болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG